Сууну булгоо
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)СУУНУ БУЛГОО – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган экологиялык кылмыш; ал суунун (жер үстүндөгү жана жер астындагы) саркынды суулар, өндүрүш, тиричилик ж. б. калдыктар менен таштандылардын түрлөрүнөн улам булгануусунун натыйжасында калктын денсоолугуна зыян алып келүүсү жана оор кесепеттерге кабылтуусу менен мүнөздөлөт.